Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 15-июлу № 362
Айыл чарба жерлерин иштетүүдө өтө жеңил авиацияны пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаментинин ишиндеги мыйзам бузуу фактыларын иликтөө максатында, ошондой эле айыл чарба иштери мезгилинде өтө жеңил самолетторду жана дельтапландарды пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы аба мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Сулайманов Д.З.
| - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
|
Кенжебаев Д.Б.
| - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
|
Жумалиев Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү башкармалыгынын начальниги;
|
Эсеналиев А.А.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
|
Умаров Р.К.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын биринчи башкармалыгынын биринчи бөлүмүнүн улук оперкызматкери;
|
Алкожоева Б.У.
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Халитов М.Г.
| - Кыргызстандын Ишкерлер союзунун башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ үч жумалык мөөнөттө айыл чарба жерлерин иштетүүдө өтө жеңил авиацияны пайдаланууга тиешелүү маселелерди изилдесин жана айыл чарба иштеринде өтө жеңил самолетторду жана дельтапландарды пайдалануу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы аба мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды даярдасын.
3. Жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |