Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-июлу № 376
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунда экинчи учуучу-конуучу тилкени курууга жерди резервге коюу жөнүндө маселени чечүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Мамаев Кубанычбек Абдрахманович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын жетекчиси. |
Комиссия мүчөлөрү:
Тумонов Алтынбек Жаңыбаевич | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорун экспертизалоо боюнча башкы башкармалыгынын мыйзамдарды экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн башчысы;
|
Черный Илья Анатольевич | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин стратегиялык объекттерди, экономика тармактарын өнүктүрүү жана менчиктештирүү бөлүмүнүн башчысы;
|
Бейшеналиев Канатбек Жумабекович | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин аэродромдорду сертификатташтыруу бөлүмүнүн начальниги;
|
Параманов Николай Михайлович | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Исабеков Нарынбек Дүйшөкеевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кышатынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
|
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Умаралиев Эмил Бочонович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
|
Маткеримов Султан Ашырбекович | - Чүй облусунун мамлекеттик админисфациясынын башчысынын орун басары;
|
Бейшенкулов Руслан Фронтбекович | - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын агроөнөр жайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
|
Акматов Манас Жумабаевич | - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл округунун башчысы;
|
Сулайманов Нуркул | - «Семетей-Интер» мигранттарды колдоо фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
|
Асанбеков Кубан Орунбекович | - Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
|
Кубатов Казыбек Идрисович | - Сокулук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын начальниги;
|
Амыркулов Мамасадык Байышевич | - Сокулук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын начальниги;
|
Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович | - «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун өндүрүштү жана инфраструктураны башкаруу боюнча вице-президенти (макулдашуу боюнча);
|
Токтогонов Борис Төлөндиевич | - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну (макулдашуу боюнча);
|
Сьемкина Наталья Ивановна | - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну (макулдашуу боюнча);
|
Осмонова Гүлдана Кучиевна | - Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айылынын тургуну (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия эки жумалык мөөнөттө «Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун экинчи учуучу-конуучу тилкесин куруу үчүн «Манас» аэродромунун түндүк жагындагы аянты 489 га жер участогун бөлүү жөнүндө маселени иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна корутунду киргизсин.
3. Комиссиянын жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга, ошондой эле алардан зарыл маалымат сурап алууга белгиленген тартипте укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |