Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 18-декабры № 495-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы 16,0 млн. евро суммасына "Саламаттык сактоонун III жана IV (SWap) комплекстүү сектордук программасын" каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору;
- Германия өнүктүрүү банкы (KfW) менен Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы 6,5 млн. евро суммасына "Кургак учукка каршы күрөшүүнүн V программасын" каржылоо жөнүндө келишимдин долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган келишимдердин долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |