Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-декабры № 504-б
2013/2014-жылдын жылытуу мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи абзацындагы "2013-жылдын 1-декабры" деген сандар жана сөздөр "2013-жылдын 31-декабры" деген сандар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик ссуданы кайра кайтаруунун шарттары боюнча карыздык милдеттенмеге кошумча макулдашууну тариздесин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |