Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-декабры № 510-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 310-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңештин курамында:
- курамга төмөнкүлөр киргизилсин:
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасы;
Мамыркулов Алик Бейшенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Ташкулов Тимур Дооронбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору, Ведомстволор аралык координациялык кеңештин катчысы;
Ведомстволор аралык координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Нуралиев Марат Абдыкеримович - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;
Темирканов Жээнбай Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу;
Икрамов Санжар Икрамович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Усубакунова Айгүл Ильясовна - Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ходжаев Дастан Бусурманович - Ош шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча);
- Талиева К.А., Джакипов Д.И., Колопов И.С., Исаков Б.Ы., Байтөлөев К.Э., Жуков М.А., Өмүркулов И.Ш., Мырзакматов М.Ж. курамдан чыгарылсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |