Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-декабры № 513-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин жана башка уюмдардын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы менен бирдикте белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
- муниципалдык менчикке:
Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айыл өкмөтүнө 2007-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 73168214, кузовунун № 31105070175559 "ГАЗ-31105100" маркасындагы автомашинаны;
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагына 1991-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 10298210185809, кузовунун № WBD1240231В469355 "Мерседес-Бенц-230" маркасындагы автомашинаны;
Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын "Коломто" муниципалдык мекемесине 1998-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 167596, кузовунун № KNAGC2232WA359949 "КиаКредос" маркасындагы автомашинаны;
- ыкчам башкарууга:
Талас облусунун мамлекеттик телерадиокомпаниясына 2001-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 6571745, кузовунун № 14330626 "ВАЗ-21061" маркасындагы автомашинаны;
Нарын облусунун "Кыргызпочтасы" Мамлекеттик ишканасынын Ак-Талаа райондук филиалына 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7750925, кузовунун № ХТА21213041750651 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны;
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук "Баетов атындагы суу каналы" ишканасына 2004-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7750612, кузовунун № ХТА21213041750627 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл-чарбасын механикалаштыруу жана энергия менен камсыздоо департаментинин Ак-Талаа райондук бөлүмүнө 1987-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 10296212172794, кузовунун № WDB1240201А613646 "Мерседес-Бенц 200Е" маркасындагы автомашинаны;
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик архивине 1999-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 6103244, кузовунун № ZТА210740Y1295818 "ВАЗ-21074" маркасындагы автомашинаны;
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймактык ооруканасына 1996-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1868645, кузовунун № ХТА210990Т1845803 "ВАЗ-21099" маркасындагы автомашинаны;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө 2003-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 7711370, кузовунун № ХТА21213041742877 "ВАЗ-21213" маркасындагы автомашинаны;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына 1992-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 0235531, кузовунун № JТ111АС2300017160 "Тойота превия" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 218-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги текст боюнча:
бүткүл текст боюнча "кыймылдаткыч" деген сөздөр "кыймылдаткычынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз-Кыштат" деген сөздөр "Кыргыз-Кыштат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текст боюнча:
1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз-Кыштат" деген сөздөр "Кыргыз-Кыштак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун он төртүнчү, он алтынчы, он жетинчи, он тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар:
- автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте өз балансына алсын;
- автотранспорт каражаттарын күтүүнү бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде жүргүзсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |