Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 25-декабры № 516-б
Жылуулук электр станциялары үчүн отунду өз убагында даярдоо жана 2013/2014-жылдын жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "Электр станциялар" ААК) 100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуданы төмөнкү шарттарда берсин:
100,0 (жүз) миллион сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы төлөөнүн мөөнөтү болуп 2014-жылдын 31-декабры белгиленсин;
ссуда пайызсыз, күрөөлүк камсыздоону тариздөөсүз;
төлөмдөрдүн мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө финансылык санкциялар белгиленсин;
- белгиленген тартипте "Электр станциялар" ААКы менен бюджеттик ссуданы кайтаруунун шарттары жөнүндө карыздык милдеттенмелер боюнча келишим түзсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзам долбоорун даярдоо учурунда бул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды эске алсын.
2. "Электр станциялар" ААКына төмөнкүлөр сунушталсын:
- бюджеттик ссуданы максаттык арналышы гана боюнча - жылуулук электр станциялары үчүн отун даярдоого жумшоо;
- жогоруда аталган бюджеттик ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кайтарууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги пайызсыз бюджеттик ссуданын "Электр станциялар" ААКы тарабынан максаттуу пайдаланышын контролдоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |