Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-декабры № 521-б
Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 17-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын алдындагы карызды жоюу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилүүчү каражаттардын эсебинен дотация тартибинде 30 000000 (отуз миллион) сомду Бишкек шаарынын мэриясына бөлүп берсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |