Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 30-декабры № 523-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматын жоюуну бүткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 98-статьясына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10,17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматын жоюу комиссиясы "Ижара төлөө" 2213-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын 184 000 (жүз сексен төрт миң) сом суммасындагы дебитордук карызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы) өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын жоюу балансы бекитилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |