Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 526-б
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жана 2013-жылдын 12-декабрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө" жарлыктарын көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешинин жана Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел айылдык кеңешинин жана Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо өткөрүү жана депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо убагында шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо участкаларына шайлоо бюллетендерин ташуунун жана жеткирүүнүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция шайлоо комиссияларына бөлүнгөн бардык жайларды, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүнө карата текшерүү жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчылары:
- жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоо, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүшсүн;
- жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тийиштүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жай бөлүп берүү, аларды автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар жана байланыш каражаттары менен камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |