Редакцияот 31.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 31-декабры № 528-б

"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2013-2014-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл аймагынын Новопокровка айылындагы узундугу 2 км болгон Москва көчөсүн капиталдык оңдоонун долбоордук-сметалык документтерин даярдасын жана аны ишке ашырсын.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев