Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 31-декабры № 531-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Бишкек-Ош автомобиль жолун реконструкциялоо боюнча долбоордун 4-фазасын каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Борбордук-Азиялык региондук экономикалык кызматташтык программасынын 3-унаа коридорун өркүндөтүү боюнча долбоору) расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ушул Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |