Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 28-мартындагы № 357 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 19-январы № 25
(КР Премьер-министринин
2011-жылдын 31-майындагы № 286 буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө төмөнкү адамдар бекитилсин:
Жумалиев Зайнидин Калидинович - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин түндүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги;
Ким Татьяна Михайловна - "Ишкердикке, чет элдик инвестицияларга көмөк көрсөтүүнүн эл аралык фонду" жоопкерчилиги чектелген коомунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Тен Любовь Ивановна - "Коомдук технологиялар борбору" коомдук бирикмесинин эксперти (макулдашуу боюнча);
Макешов Чынгыз Душенкулович, Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
(КР Премьер-министринин 2011-жылдын 31-майындагы № 286 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 10-майындагы № 228 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 15-майындагы № 243 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 5-сентябрындагы № 341 буйругу.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |