Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 1-марты № 94
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктун ишке ашыруу максатында:
1. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу мониторингин ишке ашыруу боюнча жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Акматов Мирбек Султанбекович - администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы - жумушчу топтун жетекчиси;
Кутманов Бакытбек Зарылбекович - администрациялык реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Бедаш Юрий Владиславович - администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Сатыбекова Айжан Эркиновна - администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Эшимбеков Азизбек Токтоназарович - администрациялык реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти;
Абдыкеримов Алмаз Сарымсакович - администрациялык реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Самаган Карыя - администрациялык реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн эксперти;
Жумашев Улан Медербекович - администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти;
Ташбаев Ильяс Азизбекович - администрациялык реформалар саясатын изилдөө жана иштеп чыгуу бөлүмүнүн эксперти.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармалыгынын начальниги эки жумалык мөөнөттө жумушчу топтун иш графигин бекитсин.
3. Жумушчу топ 2010-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу мониторингин жүргүзсүн жана тийиштүү сунуштарды киргизсин.
4. Жумушчу топ белгиленген тартипте тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди өз ишине тартуу укугуна ээ экендиги белгиленсин.
5. Министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |