Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-марты № 97
"Ала-Арча" суусунун башындагы бийик тоодогу жырылып кетүү коркунучу бар Адыгене көлүнүн абалы жөнүндө маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Оселедько Л.А. | - | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Нышанов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Айтбаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; |
Токторбаев А.Б | - | Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри; |
Темирбаев Н. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); |
Саккараев М.Н. | - | Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы; |
Итибаев З.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин директору; |
Айталиев А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө, болжолдоо департаментинин директорунун орун басары; |
Мусуралиев К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын начальниги; |
Ерохин С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын инженердик-геологиялык партиясынын начальниги; |
Кыдыргычев А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармасынын начальниги. |
2. Жумушчу топ маселени 20 күндүк мөөнөттө комплекстүү изилдеп чыксын жана корутундуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |