Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2011-жылдын 28-мартындагы № 181 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-марты № 109
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 31-январындагы № 43 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин айрым жоболорун изилдөө жана натыйжалуулугун баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын курамы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри - ЕврАзЭСтеги атайын өкүлү, комиссиянын төрагасы;
Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Шадиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Келдибеков А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
Аширов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча);
Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдоо иштери кызматынын Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Маматов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин инвестициялар жана инновациялар кызматынын жетекчиси;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Исмаилов М.А. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Антонова Т.П. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча);
Красников А.А. - аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча);
Ким Т.М. - "Салык консультанттарынын палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Цой Э. - салык консультанты (макулдашуу боюнча);
Байжуманов Д.Б. - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Абдраев А.К. - "Банктар союзунун" төрагасы (макулдашуу боюнча).".
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Ведомстволор аралык комиссия туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жоболорунун натыйжалуулугун баалоо максатында чарбакер субъекттердин, ишкерлердин жана мекемелердин кайрылууларын иликтесин жана аны оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.";
- 4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмү" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министри | Д.Үсөнов |