Редакцияот 06.08.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 6-августу № 22

А.С.Токтоналиев жөнүндө

 

2010-жылдын 27-июнунда референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түндүк регион аралык башкармасынын Кемин району боюнча башкармалыгынын начальниги Токтоналиев Асан Саматовичке статс-катчынын кызматына конкурс өткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысынын милдетин аткаруу жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р.Отунбаева