Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-сентябры № 436
«Юрист» ЖчКга, «Бакыт» ЖчКга, «ДАГАС Сити» ЖчКга бөлүп берилген жер участоктордун арналышы боюнча пайдаланылышын текшерүү жана жеке фирмалар менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын калкынын айрым бөлүгүнүн ортосунда чыр-чатактуу жагдайдын чыгуу себептерин аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, комиссиянын төрагасы;
|
Исраилов А.И. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кенжебаев Д.Б. | - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
|
Байтилешов К.Б. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директорунун милдетин аткаруучу;
|
Исмаилов У.Ч. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Бекишов У.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин статс-секретары;
|
Ситчихин В.П. | - Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
|
Маратов М.И. | - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
|
Бекташев Т.И. | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдан келип чыгуучу нормативдик укуктук актыларды экспертизалоо башкармасынын жетектөөчү адиси. |
2. Ведомстволор аралык комиссия «Юрист» ЖчКга, «Бакыт» ЖчКга, «ДАГАС Сити» ЖчКга бөлүп берилген жер участоктордун арналышы боюнча пайдаланылышын он күндүк мөөнөттө объективдүү жана ар тараптуу текшерип, жеке фирмалар менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын калкынын айрым бөлүгүнүн ортосунда болуп жаткан чыр-чатактуу жагдайдын чыгуу себептерин аныктап жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдирсин.
3. Комиссия зарыл болсо министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана мамлекеттик комиссиялардын адистерин комиссиянын ишинин процессинде болуучу маселелерди чечүү үчүн кшке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
Премьер-министри | А.Атамбаев |