Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 28-сентябры № 471
2011-жылы «Центерра Голд Инк» компаниясынын демөөрчүлүк жардамынын эсебинен кошумча каржылоо пландаштырылган объекттердин жана курулуштардын тизмесине кирген, авариялык абалдагы объекттерди изилдөө максатында:
1. Төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн:
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы; |
комиссиянын мүчөлөрү: | |
Камалов Абдиталип Базарбаевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору;
|
Касымбек уулу Шайлообек | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо департаментинин директору;
|
Атамбеков Шайбек Атамбекович | - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин капиталдык курулуш жана ремонт башкармалыгынын начальниги;
|
Кокочаров Урматбек Курманбекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин турак-жай-жарандык курулуш департаментинин директору. |
2. Комиссия бир жума мөөнөт ичинде жогоруда аталган объекттерди изилдөөнү аяктасын.
3. Комиссияга аймактардагы жумушчу топторун түзүүдө мамлекеттик башкаруу органдары кызматынын аймактык адистерин ишке тартуу укугу берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |