Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 5-октябры № 486
Тоо-кен казуу тармагында жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча ачык-айкын сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Мокенов А.А. | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин коомдук негиздердеги кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчиси; |
жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Алдашев Н.Б. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Жорупбекова А.Ш. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Мадыков М.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Токтогул Р. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Ажибаев Т.К. | - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министринин кеңешчиси;
|
Ашыркулов К.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Красников А.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Лебедева С.И. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Думанаева С.М. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Жапаров Д.С. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Ибраев К.Э. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
БогдецкийВ.Н. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Сманалиева М.А. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Кадыралиев А.Ж. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна төмөнкү багыттар боюнча сунуштарды киргизсин:
- тоо кен казуу тармагы жагындагы колдонуудагы мыйзамдарды өркүндөтүү;
- жер казынасын пайдалануу тармагандагы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жаңы мамилелерин иштеп чыгуу.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыз кылуу жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |