Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-январы № 29
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каипович Бангкок шаарына (Таиланд) 2013-жылдын 26-29-январында "Азиянын чектеш жана өнүгүп жаткан өлкөлөрүндөгү экономикалык трансформациялоо жана өсүү" деген жыл сайын өтүүчү экинчи конференциясына катышуу үчүн, ошондой эле Куала-Лумпур шаарына (Малайзия) жана Дубай шаарына (БАЭ) 2013-жылдын 29-январы-4-февралында ушул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилиги менен жолугушуу үчүн жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү жана чыңдоо максатында командировкага жиберилсин.
2. Бангкок шаарына командировкалык чыгымдарды жана Куала-Лумпур шаарынан Дубай шаарына, ошондой эле Дубай шаарынан Бишкек шаарына авиаучууга чыгымдарды төлөө чакыруучу тараптын эсебинен жүргүзүлсүн.
Куала-Лумпур жана Дубай шаарларында жашоого жана суткалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратын кармоо чыгымдарынын негизги сметасынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |