Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-январы № 12
"Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- бир жумалык мөөнөттө "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын курамын шайлоо жөнүндө маселени кароо үчүн Директорлор кеңешинин жыйынын чакырсын;
- "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын курамын шайлоо үчүн төмөнкү талапкерлерди Директорлор кеңешинин кароосуна киргизсин:
Жумашов Ж.Н. | - | башкарманын төрагасы катары; |
Абылов Н.К. | - | башкарманын мүчөсү катары; |
Анарбаев У.А. | - | башкарманын мүчөсү катары; |
Масиров К.Д. | - | башкарманын мүчөсү катары; |
Мураталиев Т.Т. | - | башкарманын мүчөсү катары; |
Нурумбетов О.К. | - | башкарманын мүчөсү катары; |
Султанов Б.М. | - | башкарманын мүчөсү катары. |
2. Жумашов Жеңишбек Назаралиевич "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун тышкы башкаруучусунун милдетин аткаруудан бошотулсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 1-июнундагы № 291 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 525 буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |