Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-январы № 6
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 209 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Камалов Абдиталип Базарбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
Осмоналиев Нуржан Асанбекович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору;
- коллегиянын курамынан Т.Э.Кыдыралиев, М.А.Молдокматов чыгарылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |