Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-апрели № 122

"Дордой" соода-базар комплексиндеги салык төлөөчүлөрдүн салык милдеттенмелерин аткаруусуна салыктык контролдоо жүргүзүү боюнча салык кызматынын органдарынын ишин текшерүү, ошондой эле анын аймагындагы салык салуу объекттерин инвентаризациялоо максатында:

1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:

Таткулов Т.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Эсеналиев Т.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;

Абдылдаев С.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансы полициясы) экономика жана финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Максутов Н.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Касымалиев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Жусупбаев К.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик башкы инспектору (макулдашуу боюнча);

Ирисов И.И.

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун кирешелер башкармалыгынын жеке жактар менен иштөө боюнча секторунун башчысы;

Бакиров А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын Түндүк регион боюнча постбажылык контролдоо бөлүмүнүн башкы инспектору;

Дөлөталиева Д.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак кооперациясынын жана ишкердиктин башка формаларынын кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө "Дордой" соода-базар комплексиндеги салык төлөөчүлөрдүн салык милдеттенмелерин аткаруусуна салыктык контролдоо жүргүзүү боюнча салык кызматынын органдарынын ишин текшерүүнү, ошондой эле анын аймагындагы салык салуу объекттерин инвентаризациялоону жүргүзсүн жана тиешелүү сунуштарды киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев