Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-апрели № 121
1. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Оторбаев Жоомарт Каипович иш-сапарга жиберилсин:
- "Борбордук Азиянын жана Түштүк Кавказдын келечеги жөнүндө стратегиялык диалог" деген Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумга катышуу үчүн Баку шаарына (Азербайжан Республикасы), 2013-жылдын 7-8-апрелинде;
- Чыгыш Берлин форумуна катышуу үчүн Берлин шаарына (Германия Федеративдүү Республикасы), 2013-жылдын 17-18-апрелинде.
2. Иш-сапарлык чыгымдарды төлөө чакыруучу тараптардын эсебинен жүргүзүлөт.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |