Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-майы № 208
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин тапшырмаларын аткаруу боюнча айрым министрликтердин жана ведомстволордун иштерин комплекстүү иликтөө максатында;
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча
Жантаев А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Шерботоев Э.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Ашырбеков Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги боюнча
Кузнецов Е.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Исаев С.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Кадырчалова Д. | - | көз карандысыз аудитор (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги боюнча
Давыдов Н.П. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси, жумушчу топтун жетекчиси; |
Исакова М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти; |
Кармышаков У.Т. | - | көз карандысыз аудитор (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд боюнча
Алманбетов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кабанбаев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти; |
Исмаилов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги боюнча
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Шаимбетов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Жакеев Д. | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ он күндүк мөөнөттө жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган министрликтердин жана ведомстволордун иштери жөнүндө комплекстүү маалымкат даярдасын.
3. Жумушчу топко зарыл болгондо министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча керектүү маалыматты ыкчам түрдө беришсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын өзүм контролдойм.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |