Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 17-майы № 210
2013-жылдын 20-24-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун жумушчу топторунун кезектеги жыйындарына жана 18-пленардык жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Садыков Болот Алымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы, делегациянын башчысы; |
Мусабеков Эсендик Курманович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын талдоо башкармалыгынын начальниги; |
Кененбаев Чынгыз Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы; |
Бейшеналиев Мирлан Сагындыкович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси; |
Сейитов Бакыт Усенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын талдоо башкармалыгынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору; |
Шаршеева Нагира Ниязбековна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспектирлөө башкармалыгынын айрым банктык операцияларды экспертизалоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча). |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |