Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 17-майы № 210

2013-жылдын 20-24-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) болуучу Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун жумушчу топторунун кезектеги жыйындарына жана 18-пленардык жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Садыков Болот Алымкулович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы, делегациянын башчысы;

Мусабеков Эсендик Курманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын талдоо башкармалыгынын начальниги;

Кененбаев Чынгыз Токтобекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы;

Бейшеналиев Мирлан Сагындыкович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси;

Сейитов Бакыт Усенович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын талдоо башкармалыгынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору;

Шаршеева Нагира Ниязбековна

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспектирлөө башкармалыгынын айрым банктык операцияларды экспертизалоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча).

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев