Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-майы № 222
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 24-июнундагы № 283 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен "De La Rue" компаниясынын ортосунда 2011-жылдын 7-июнунда түзүлгөн контракт боюнча Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун 500000 бланкын (Tesli№ (ТМ) жана Ламинат) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун 400000 бланкын жана MLIS (ТМ) пленка берүүнүн алкагында ушул компанияга англиянын 126000 фунт стерлинги суммасында пайда болгон карызды жоюу маселесин кароо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн:
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Комиссиянын төрагасы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Бакетаев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору; |
Сыдыгалиев Б.К. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору; |
Масабиров Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Төрөбаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Исмаилов С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Эсенов К.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын инспектору (макулдашуу боюнча). |
(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 24-июнундагы № 283 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия түзүлгөн кырдаалдын шарттарын бир жумалык мөөнөттө иликтеп жана жогоруда айтылган маселени чечүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |