Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 8-майы № 191
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан декларациялануучу отчеттуулук маалыматтарын кылмыш иштерин териштирүүнүн реалдуу жыйынтыктары менен салыштырып текшерүү, ошондой эле баалоонун колдонулуудагы критерийлерин жана отчеттуулук системасын өзгөртүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу максатында:
1. Кылмыш иштерин териштирүү жыйынтыктарын текшерүү, ошондой эле жарандардын ички иштер органдарына келген даттанууларын жана кайрылууларын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Опумбаев О.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Скобеев Е.Л. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары; |
Абдиев К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын окуу-методикалык иштерди уюштуруу жана аракеттеги мыйзамдарды мониторингдөө бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары; |
Ташкулов Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Дүйшөналиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү; |
Мунайтбасов С.С. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгынын контролдоо-методикалык башкармалыгынын улук тергөөчүсү; |
Муканбетов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык-талдоо борборунун улук инспектору; |
Жоробекова А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын түштүк башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн начальниги; |
Абдыраимова К.Ч. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер жана контролдоо-методикалык бөлүгү боюнча улук тергөөчү; |
Бакиров А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Саманчиев У.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Чокушев Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери; |
Табалдиев Р.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; |
Эсен уулу У. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү; |
Ормушева М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү. |
2. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин ылгап текшерүүнү ишке ашырсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |