Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 13-майы № 192
ФАТФтын (FATF) жумушчу тобунун 2013-жылдын 16-17-майында Париж шаарында (Франция) өтүүчү Эл аралык кызматташууну баяндоо (ICRG) боюнча Европа-Евразия региондук баяндоо тобунун (ERRG) жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы, делегациянын башчысы; |
Бокоев Кенжебек Сатымкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Чокоев Заир Ленарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Кененбаев Чынгыз Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков Эрмек Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин үчүнчү катчысы; |
Турсункулов Кайрат Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси; |
Абышев Кылычбек Асаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары. |
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |