Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 246
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү маселелерине талдоо жүргүзүү жана аларды өткөрүп берүүнүн тийиштүү механизмдерин иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамдагы ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Шыкмаматов А.Н. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамидинова Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Баетов Б.И. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы; |
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Асанов К.С. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Оторбаев Э.М. | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Сүйөркулов З.К. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Темиралиев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы; |
Дыйканов М.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы; |
Кулуев К.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; |
Сагымбаев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин статс-катчысы; |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Маралбаев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Шамшиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы; |
Исабаева З.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары; |
Төрөбаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Шыйкымбаев С.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары; |
Садыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы; |
Канулькулов М.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармасынын начальниги; |
Султанова Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетектөөчү адиси. |
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү маселелерине толук талдоо жүргүзсүн жана талдоонун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизсин;
- жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченем жаратуучу айрым ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жана аларды өткөрүп берүү механизмин аныктоо жөнүндө чечимдин долбоорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |