Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 10-июну № 245
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы, Жалал-Абад шаарындагы жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы массалык баш аламандыкка алып келген себептерди жана жагдайларды аныктоо максатында:
1. Төмөнкү курамда Өкмөттүк комиссия түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын жетекчиси; |
Суранчиев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, комиссиянын жетекчисинин орун басары; |
Чоткараев Д.О. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын жетекчисинин орун басары. |
Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Сариев Т.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министри; |
Артыкбаев О.М. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; |
Сагинбаева Д.З. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; |
Алымкулов А.Т. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри; |
Чунуев И.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Турусбеков Б.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалуу бөлүмүнүн башчысы; |
Ташкулов Т.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Асанкулов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Алманбетов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору. |
2. Өкмөттүк комиссия бир айлык мөөнөттө:
- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы массалык баш аламандыкка жана Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратын басып алууга, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында автожолду жаап салууга алып келген жагдайларды иликтесин;
- массалык баш аламандыктын натыйжасында калкка, мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга келтирилген зыяндын масштабын аныктасын;
- комиссиянын ишинин жалпыланган жыйынтыгын ушундай окуяларды мындан ары болтурбоо боюнча сунуштарды кошуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
3. Комиссияга министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын кызматкерлерин ишке тартууга жана иш үчүн зарыл болгон документтерди суроого укук берилсин.
4. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар комиссияга бардык суралган маалыматтарды беришсин.
5. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип, өзгөчө кырдаалдар, уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |