Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 15-июлу № 345
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 27-январындагы № 42-б, 2015-жылдын 25-августундагы № 392, 2016-жылдын 1-августундагы № 435, 2017-жылдын 21-августундагы № 576, 2018-жылдын 30-январындагы № 58, 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 575, 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 634 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:
1. Төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коллегиясынын мүчөлөрү болуп бекитилишсин:
Аттокуров Элдар Эртабылдыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Абдралиева Гулмира Курманбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Смагулов Алибек Бейшенбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер секторунун башчысы; |
Таалайбек кызы Елиза | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Эржигитов Мелис Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Апасова Жазгүл Сейитбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы; |
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 26-июлундагы № 373 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 403 буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |