Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 26-июлу № 368
"Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультациялык кеңештин чечими менен тандалган "АМЕС Earth&Environmental UK Ltd" компаниясы (мындан ары - "АМЕС" компаниясы) менен натыйжалуу иштешүүнү камсыздоо максатында, "Кумтөр" долбоору боюнча экологиялык жана технологиялык тобокелдерди аныктоо жана баалоо үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине таянуу менен:
1. 2013-жылдын 28-июлуна чейин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги "Кумтөр" долбоору боюнча экологиялык тобокелдерди аныктоо жана баалоо боюнча "АМЕС" компаниясы менен иштешүү үчүн ведомстволор аралык эксперттик топ түзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция "Кумтөр" долбоору боюнча технологиялык тобокелдерди аныктоо жана баалоо боюнча "АМЕС" компаниясы менен иштешүү үчүн ведомстволор аралык эксперттик топ түзсүн.
2. Ведомстволор аралык эксперттик топтор тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын компетенттүү кызматкерлеринен, өкмөттүк эмес сектордун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүнөн түзүлсүн.
3. Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык эксперттик топтордун сурамы боюнча керектүү маалыматтарды беришсин жана эксперттик топторду түзүүгө жана алардын ишине баардык жардамдарды көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция "Кыргызалтын" ачык акционердик коому менен макулдашуу боюнча, техникалык тапшырмага жана "АМЕС" компаниясынын ишинин графигине ылайык тийиштүү эксперттик топтор үчүн план-тапшырманы даярдашсын жана бекитишсин.
5. Тийиштүү эксперттик топтордун ишин уюштуруу-методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга тапшырылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |