Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 16-декабры № 138
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2010-жылдын 20-25-декабрында болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйыны өткөрүлсүн.
2. Ушул тескеменин тиркемесине ылайык аталган жолугушууга катышуу үчүн ишке тартылган адамдарды киргизүү менен, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамы бекитилсин.
3. Аталган жыйынды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар 2010-жылга каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чыгымдар сметасынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 16-декабрындагы № 138 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын
ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча
биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн Бишкек шаарында
2010-жылдын 20-25-декабрында болуучу
кезектеги жыйынына катышуучу
КУРАМЫ
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Кошматов Б.Т. - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директору;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
Тургуналиев А.Ж. - Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Осмонкулов А.Б. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
Турдумамбетов О.Т. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин башкы инженери;
Полотов А.П. - Чүй мамлекеттик суу чарба бассейндик башкармалыгынын начальниги;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
Мандычев Н.И. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картофафия-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
Кенесариев А.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Орозалиев С.Ж. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Манас районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Абылкасымов М.А. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Панфилов районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Шамшиев М.Ч. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Усупбеков У.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык округунун башчысы;
Мамбетов Ш.А. - Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылдык округунун башчысы.