Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-январы № 98
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык:
1. Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу Муратбеков Канатбек Камбарбекович Нарын облусунун райондорунун мамлекеттик администрация башчыларынын-акимдеринин кызмат ордуна талапкерлерди райондук кеңештердин сессияларында сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү болуп дайындалсын.
2. Нарын облусунун райондук кеңештерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген талапкерлерди кароо боюнча сессияларды өткөрүүнү уюштуруу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |