КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-январы № 99
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернаторунун милдетин аткаруучу Турсунбаев Азизбек Атакозуевич Жалал-Абад облусунун райондорунун мамлекеттик администрация башчыларынын - акимдеринин кызмат ордуна талапкерлерди райондук кеңештердин сессияларында сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү болуп дайындалсын.
2. Жалал-Абад облусунун райондук кеңештерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген талапкерлерди кароо боюнча сессияларды өткөрүүнү уюштуруу сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |