Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 31-декабрындагы № 926 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-февралы № 167
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 775 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:
- Чаяхметов Бауржан Жыргалбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;
- Султанкулов Дөөлөтбек Барпыгулович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы оперативдик-режимдик башкармалыгынын начальниги;
- Осмонбаев Таалай Токторбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы штабынын начальнигинин орун басары;
- Жусупбеков Марс Кыргызбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин начальниги.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 19-январындагы № 26 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 5-мартындагы № 100 буйругу.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |