Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-февралы № 240
Чүй облусунун билим берүү жана социалдык мекемелери колдонгон радиоактивдүү-булганган көмүрдүн күлүн утилдештирүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Касымалиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Абдикаримов С.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлекеттик санитариялык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы директору; |
Алымбеков Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Жунушалиев Т.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Жоробаев Ж.С. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директорунун орун басары; |
Жумалиев К.Н. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Крук И.В. | - | "Кара-Балта кен комбинаты" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Рустамов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Субанбеков Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысы акими; |
Халдаров У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия Чүй облусунун билим берүү жана социалдык мекемелери колдонгон радиоактивдүү-булганган көмүрдүн күлүн утилдештирүү үчүн жерди аныктоо жана зарыл болгон уюштуруу маселелерин чечүү боюнча ишти бир күндүк мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |