Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-февралы № 241
Тамеки буюмдарга жана алкоголдуу ичимдиктерге акциздик маркаларды даярдоого заказдарды жайгаштыруу максатында:
1. Төмөнкү курамда тендердик комиссия түзүлсүн:
Токтоналиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы, комиссиянын төрагасы; |
Шайдиева Д.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Суракматов А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ата-Журт" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Маматов А. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мадеминов М.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Батырбеков А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Республика" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Төрөбеков Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кутманов Н.О. | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Малабеков З.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Сабитов Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөмдөрү секторунун башчысы; |
Шамбетов Т.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исмаилов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары; |
Ким Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кыдырбаев У.А. | - | Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча). |
2. Тендердик комиссия белгиленген тартипте "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тендердик документтерди даярдасын жана тамеки буюмдарга жана алкоголдуу ичимдиктерге акциздик маркаларды даярдоого тендер өткөрсүн.
3. Тендердик комиссиянын төрагасы тендерди өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |