Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 16-марты № 333
Аткаруу бийлиги органдарына электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Ведомстволор аралык электрондук документ жүгүртүү системасын сатып алууга тендер өткөрүү боюнча тендердик комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн:
Р.Кайназаров | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы; |
М. Маматалиев | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Б.Исаев | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары; |
Э.Давлетов | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана МКТ киргизүү секторунун башчысы; |
К.Амерканов | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана МКТ киргизүү секторунун эксперти; |
А.Бөрүбаева | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын начальниги; |
Н.Элебесов | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги; |
Р.Токочев | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик мекемесинин программалык камсыздоону иштеп чыгуу бөлүмүнүн начальниги; |
В.Ким | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин (Дүйнөлүк банктын) консультанты (макулдашуу боюнча). |
2. Тендерди өткөрүүнү уюштуруучулук-методикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгы белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында тендер өткөрүүнү чагылдырууну камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |