Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-октябры № 491
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана администрациялык ведомстволордун макулдашылган иш-аракеттерин жана ишин координациялоону камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасынын долбоорун 2013-жылдын 1-декабрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга зарылдыгына жараша белгиленген тартипте:
- мамлекеттик башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет элдик эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, убактылуу эксперттик жана жумушчу топторду түзүүгө;
- мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга;
- өзүнүн жыйындарына мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилерин чакырууга жана алардын дене тарбия жана спортко байланыштуу отчетторун угууга уруксат берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2014-жылдын 1-мартына чейин белгиленген тартипте тийиштүү ченемдик укуктук актынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 491 буйругуна тиркеме |
Момуналиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Саралинов М.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Табалдиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Нуралиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Калиев М.Т. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Кендирбаева Д.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Жусубалиев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары; |
Капаров Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары; |
Шалпыков Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Иманалиев Т.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору; |
Третьяков A.B. | - | "Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин аналитиги, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Мотукеев Б.Ж. | - | Олимпия академиясынын президенти, педагогика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Сейталиева Г.А. | - | "Кыргыз Республикасынын Айкидо федерациясы" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча). |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ