Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 23-октябры № 493
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун ишине, анын төлөм жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана тиешелүү чараларды көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- белгиленген тартипте "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкаруу органдарынын кароосуна төмөнкү маселелерди киргизсин:
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун финансылык-чарбалык ишине текшерүү жүргүзүү жөнүндө;
ишке ашырылган инвестициялык программалардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү жөнүндө;
- 2013-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө аталган коомдун ишин өркүндөтүү жана болгон көйгөйлөрдү жоюу боюнча сунуштарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |