Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2014-жылдын 30-июнундагы № 290 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-ноябры № 509
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө Жобонун 15-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Исаков Сапар Жумакадырович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); |
Муралиев Алтынбек Амангельдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Осмоналиев Асанбек Арыстаналиевич | - | өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин Шанхай кызматташтык уюмунун маселелери боюнча кеңешчиси; |
Молдогазиев Айбек Бейшеевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору; |
Бейшембиев Эрик Айдарканович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин директору; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору; |
Султанбаев Темирбек Жакшылыкович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директору; |
Оролбаева Ирина Абдыевна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору; |
Эшимбеков Чыңгыз Казыбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору; |
Мукашев Данияр Муратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; |
Мукашев Болотбек Бейшенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Жунушалиев Туратбек Эсенкулович | - | өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси; |
Сыдыков Данияр Батырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 12-октябрындагы № 786 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |