Редакцияот 11.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 11-апрели № 126

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 12-13 апрелинде болуучу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу шарттарын талкуулоо боюнча "Газпром" ачык акционердик коому менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Оторбаев Жоомарт Каипович*

 

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович**

 

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна**

 

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Кулмурзаев Тургунбек Насипович**

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

 

Орленко Евгений Васильевич**

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы     директорунун     орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Саякбаев Данияр Асылбекович**

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин учүнчү катчасы.

 

 

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Эскертүү:

(*) - Россия Федерациясынын Москва шаарына 2013-жылдын

12- апрелинде командировкага жиберилет;

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев