Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 22-апрели № 178
Жергиликтүү деңгээлде башкаруу проблемаларына талдоо жүргүзүү, жеринде башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу, бюджеттик каражаттарды пайдалануу, ошондой эле калктын жашоо-турмушу жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүүдө жергиликтүу мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Сарпашев Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
|
Момуналиев Н.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Эргешов А.К. | - уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
|
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
| |
Давыдов Н.П. | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
|
Исакулов Ж. А.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Иминов М.С. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Жусубалиев А.И.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер белүмүнүн башчысынын орун басары;
|
Фаттахов Б.А. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Бакиров Ж.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
|
Абдылдаев Д.Б.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти;
|
Султанов Т.И. | - Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору;
|
Кыдыралиев З.Т.
| - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Икрамов СИ.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү башкаруу органдарын координациялоо башкармалыгынын начальниги;
|
Калканов К.К. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Сырдыбаев СМ. | - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
|
Чекиров А. А.
| - көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
|
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөтте:
- болгон проблемаларды аныктоо менен бийликтин бардык вертикалы боюнча башкаруучулук процесстерге тиешеси бар ченемдик укуктук актыларды толук инвентаризациялоону жүргүзсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын -акимдердин республиканын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн алардын реалдуу шарттар менен шайкеш келишине талдоо жүргүзсүн жана ушул маселелер боюнча "чабал жерлерин" аныктасын;
- жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстерди пайдалануунун натыйжалуулугун талдасын.
3. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча жеринде жоопкерчилик чөйрөсүн так белүштүрүүнүн негизинде бийликтин бардык вертикалы боюнча башкаруучулук процесстерди өркүндөтүүнүн зарылдыгын эске алуу менен болгон башкаруучулук жана бюджеттик проблемаларды чечүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизсин.
4. Жумушчу топко зарыл учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн, ошондой эле жумушчу топтун жетекчисинин суроо-талабы боюнча зарыл маалыматты ыкчам беришсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө алам.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |