Редакцияот 17.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 17-майы № 209

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 20-21-майында .болуучу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуунун шарттарын талкуулоо боюнча "Газпром" ачык акционердик коомунун өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

 

Оторбаев Жоомарт Каипович*

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы;

Калиев Айбек Рыспекович**

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна**

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

Осмоналиев Айбек Шерматович**

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;

 

Тойчубеков Юруслан Жуманович**

Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

 

Кулмурзаев Тургунбек Насипович**

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Орленко Евгений Васильевич**

"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Саякбаев Данияр Асылбекович**

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы.

 

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Эскертүү:

(*) - Россия Федерациясынын Москва шаарына 2013-жылдын 20-майында командировкага жиберилет;

(**) - Россия Федерациясынын Москва шаарына 2013-жылдын 20-21-майында командировкага жиберилет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев