Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 20-сентябры № 454
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоодо укуктук негиз катары пайдалануу максатында Россия Федерациясынын мамлекеттик архивинен жана Россиянын социалдык-саясий тарых боюнча мамлекеттик архивинен тиешелүү материалдарды издөө үчүн 2013-жылдын 24-сентябрынан 5-октябрына чейин Россия Федерациясынын Москва шаарына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда жиберилсин:
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү; |
Абдураимов В.Э. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперти;
|
Ахмедов O.K. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекстгик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;
|
Ботобаев К.К. | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекепик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Романова Е.А. | - Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директорунун орун басары.
|
2. Табылган архивдик документтердин жана пландык-картографиялык материалдардын көчүрмөлөрүн берүү боюнча Россия Федерациясынын мамлекеттик архивдеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы "Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо" сметасы боюнча сарпталуучу каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгына 100000 (жуз миң) сом болүп берсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жьшдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |