Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 27-марты № 110
Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2013-жылдын 29-30-мартында болуучу "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун акцияларын сатуу шарттарын талкуулоо боюнча "Газпром" ачык акционердик коому менен эки тараптуу суйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда түзүлсүн:
Оторбаев Жоомарт Каипович* | - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Калиев Айбек Рыспекович** | - Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээибаевна** | - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Касымалиев Адылбек Алешович** | - Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Саякбаев Данияр Асылбекович** | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин үчүнчү катчысы; |
Кулмурзаев Тургунбек -Насипович** | "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Орленко Евгений Васильевич** | - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча). |
2. Иш сапарга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык иш сапарга жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Эскертүү:
(*)- 2013-жылдын 29-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет;
(**) - 2013-жылдын 29-30-мартында Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапарга жиберилет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |